Бишкекте дүкөндөн чыккан өрт: Жабыркагандар жок
Бүгүн,18-июнда Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги дүкөндөн өрт чыкканы кабарланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, өрттөн жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:36да 1 бөлүм тартылып, 09:39да өрт чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлгөн. Ал эми өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.
Белгилей кетсек, аталган дүкөн 8-кичи районундагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанында жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.