"Сүрөткө түшкөнү келдиң беле?". Оорукананын ачылышында сүрөткө түшкөн министр жеме укту (видео)

Бул боюнча SUPER.KG порталы министрдин өзүнө байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Нарында жугуштуу оорулар ооруканасын ачып, дарыгерлер менен сүрөткө түшүп жатсам "эмне силер сүрөткө түшкөнү келдиңерби?" деп ары жактан бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү келиптир. А эмне дарыгерлер менен сүрөткө түшсө болбойбу?", - деп билдирди Бейшеналиев.
Кечээ, 17-июнда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. 70 орундуу имараттын курулуш иши зарылчылыктан улам 2020-жылы август айында башталып, 79 миллион 200 миң сомдун тегерегиндеги каражатка бүттү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан.
Министрди урушуп жаткан видео талкуу жаратты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бироолор акча толоп берип жоноткон бир болсо министрге бир шылтоо таап кыйкырып кел деп.
Баарыле тушот да эстеликке.
Дужур катындардын бироосу да. Министр бир нерсе деп жооп кайтарса атака кылабыз деп жаман катындар чогулуп турган болушу керек жанында акмактар.