"Евро-2020": Турнирдин финалы Лондондон Будапештке жылдырылышы мүмкүн
11-июлда өтө турган футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалы Англиянын Лондон шаарынан Будапешт шаарына жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, УЕФА уюму мындай чечимди Англия коронавируска байланыштуу стадиондо элдин көп чогулушуна кепилдик бере албаса, финал Будапешт шаарына жылдырылышы мүмкүн. УЕФА уюму буга чейин Англиянын премьер-министри Борис Жонсонго бул боюнча чечим кабыл алып берүүнү суранып, жооп күтүп жатат.
Эске салсак, "Евро-2020" турнири былтыр жайында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынын улам мелдеш 2021-жылга жылдырылган. Беттештер 11-июндан 11-июлга чейин Лондон баш болгон Европанын бир катар шаарларында өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.