УКМК: "Жусуп Баласагын атындагы окуу жайынын Ош филиалынан пара алуу схемасы аныкталды" (видео)



Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алууга схема түзүп алышкан. Муну менен эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөнү аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнын Ош филиалынан пара алуу схема аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

14:49
2025-06-13

Рейтинг:
0

Ананда "эгзамендик сессияга, мамлекеттик экзамендерге кирууго уруксат алуу учун алынган пара эмесго бул". Менимче ошол эгзамендерди толук бутуруп бериш учун алып атса керек.