Жергиликтүү бийлик органдарына түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды
Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмеси кечээ, 19-июнда өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:
- бир жумалык мөөнөттө "кызыл зоналарда" жана мобилдик бригадаларда иштеген медицина кызматкерлери үчүн обсервациялык зоналарды уюштуруу маселесин чечүү, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарында кошумча орундарды ачууда зарыл болгон медициналык кадрлардын резервин камсыз кылуу.
- саламаттыкты сактоо уюмдарын коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдарды дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана медициналык буюмдардын үч айлык кору менен камсыз кылуу;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүнүп берилген дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды зарылдыгына жараша коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык абалы начарлап жаткан аймактардагы жана шаарлардагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүү.
Жергиликтүү бийлик органдарына түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга көзөмөлдү күчөтүү, абал начарлап кеткен учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Dastanali

20.06.2021. 12:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу, свет маселеси, кымбатчылыкты чечүү маселесин күчөтүүнү тапшырсанар да жакшы болмок
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.