Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты
Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, Бишкектеги Орто-Сай айылынын, Карбооз уулу көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. "Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, өрттү саат 3:34тө чектөөгө алынып толугу менен саат 4:47де өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен аянты 350 чарчы метрди түзгөн турак үй толугу менен күйгөн, өрттөн жабыркагандар болгон жок. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда", - деп жазылат маалыматта.
Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.