super.kg logo

Бишкектеги коомдук транспорттор дезинфекцияланууда (сүрөт)

 

Борбор калаадагы эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу Бишкек шаардык мэрия коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобазанын кызматкерлери кичи автобустарды, автобустарды жана троллейбустарды дезинфекциялоону улантууда.

"Күн сайын автобустар менен троллейбустар кылдат тазаланып, дезинфекцияланат: кармагычтар, отургуч туткалары, руль, панелдер жана кире бериш эшиктер 1 пайыз хлорамин эритмеси менен тазаланат.

Бардык коомдук транспортторду дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат жана улантылат. Айдоочулар күн сайын текшерүүдөн өтүшүүдө. Текшерүүдөн өтпөгөн, оорунун белгилери бар айдоочуларга линияга чыгууга тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: