super.kg logo
  Саясат  

«Катта-Туз» мунай скважинасынын аймагынан тажик чек ара кызматынын жоокерлери тез арада чыгып кетери белгилүү болду

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Курманакун Матенов менен Тажикстандын УКМК Чек ара аскерлигинин башкы башкармалыгынын башчысы генерал-лейтенант Шерали Мирзонун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу 25-октябрда мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Сүйлөшүү учурунда эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчылары Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу «Катта-Туз» мунай скважинасы аймагындагы кырдаалды талкуулашты.  

Телефондук сүйлөшүүнүн натыйжасында тажик тарап аскерлерин «Катта-Туз» участогунан тез арада чыгарып кетерин айтты. Тараптар аталган макулдашыла элек жерди  пайдалануу тууралуу чечимди мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия кабыл алыш керек деген чечимге келишти.  «Катта-Туз» участогу Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында орун алган.  Башкача айтканда, эки өлкөнүн чек арасы такталбаган шарттуу аймактан 500 метр Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Бул аймакта 9 скважина (4 газ жана 5 мунай өндүрүүчү)  бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: