Мыйзам бузган талапкерлер кайра шайлоого катышпайт
11-апрель күнү өткөн шаардык кеңештерге шайлоодо мыйзам бузгандар кайра шайлоого катышууга арыз берген эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовго байланышканыбызда билдирди.
"Мыйзам бузган талапкерлер көбүнчө өз каалоосу менен чыгышкан жок. Эскертүү берилген же айып пул салынган талапкерлер кайра катышууда. Ал эми добуш сатып алууга түзмө-түз катыштыгы бар талапкерлер өздөрү билип эле кайра арыз жазышкан жок. Жалпысынан 113 талапкердин арызын кабыл алган жокпуз", - деп билдирди Маматов.
Бүгүн, 21-июнда шаардык кеңештерге кайра шайлоого үгүт иштери башталды. Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештеринин кайра шайлоосу 11-июлга белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:12
2021-11-26
22:36
2021-11-25
10:47
2021-07-13
10:00
2021-07-12
22:35
2021-07-11
22:00
2021-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.