super.kg logo

"Жабырлануучуну такси менен ооруканага жиберишкен". Ошто адам өлтүрүүгө шектелип 3 жаран кармалды

 

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 3 жаран кармалды. Кармалгандардын үчөө тең 22 жашта экенин Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-июнда орун алган.

"20-июнда саат 06:20 чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгеринен кабар берилген. Анда такси менен ооруканага 20-25 жаш чамасындагы белгисиз жарандын жансыз денеси жеткирилгени кабарланган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүп, анда жаракаттар бар экени байкалган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында каза болгон жаран 1997-жылы туулган А.А. экени аныкталды. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза, ошондой эле алынган кийимдердеги тактарды аныктоо максатында соттук-биологиялык, соттук-наркологиялык экспертизалар дайындалды.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1999-жылы туулган Э.Ы., 1999-жылы туулган Г.Э. жана А.Э. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты Кылмыштардын жанан жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми кармалгандар алгачкы көрсөтмөлөрүндө окуя тууралуу буларды билдиришкен.

"Шектүү Э.Ы. өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө мас абалда (Н.Исанов көчөсүндө) маркум менен себепсиз эле сөздөн-сөз чыгып уруша кеткендигин айтты. Уруш учурунда А.Аны (каза болгон жаран) колу менен бет тарабына урганын, эсин жоготуп жатып калганда ага карата жасалма дем алдырып, бетине суу чачып жардам көрсөтүп, акырында такси аркылуу ооруканага жибергендигин билдирген.

Андан сырткары Г.Э. жана А.Э. өз көрсөтмөлөрүндө шектүү менен каза болгон жарандын ортосунда уруш чыкканын, жабырлануучу эсин жоготуп жатып калганда аны жасалма дем алдырып, бетине суу чачып жардам көрсөтүп, такси аркылуу ооруканага жиберишкенин айтышкан.

Шектүү делинип кармалган балдар Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: