Дүйнөдө көлөмү боюнча үчүнчү орунда турган алмаз ташы табылды





Дүйнөдөгү көлөмү боюнча үчүнчү орунда турган ири алмаз таш табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1098 караттык алмаз ташы Түштүк Африкадагы Ботсвана мамлекетинин жергиликтүү "Debswan" фирмасы тарабынан табылган.
"1-июнда табылган ташты "Debswan" алмаз компаниясынын директору Линетт Армстронг президент Мокветси Масисиге Габорон шаарында тапшырган.
Табылган алмаз көлөмү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Дүйнөдө буга чейин табылган эң чоң алмаз - 3106 караттык Куллинан ташы, ал 1905-жылы Түштүк Африка Республикасында табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:44
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.