super.kg logo

Ошто балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын кесепетинен УКМКнын кызматкери каза болду

 

Кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 20-июнда топтолгон балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын кесепетинен УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-беренеси 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча катталып, аны өлтүрүүгө шектелгендер кармалган.

Маалымат үчүн:

20-июнда саат 06:20 чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери такси менен ооруканага 20-25 жаш чамасындагы белгисиз жарандын жансыз денеси келип түшкөнү кабарланган.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барып маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүп, анда жаракаттар бар экени байкалган. Каза болгон жаран 1997-жылы туулган А.А. экени аныкталган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 22 жаштагы үч жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: