super.kg logo

Биз жеңишке жеткенбиз! Жеңишке дагы да жетебиз! "Эмгек" партиясы ишин кайрадан креативдүү баштады

 

“Эмгек” саясий партиясы бүгүн Бишкек шаардык кеңешине карата үгүттөө кампаниясын баштады.

“Эмгек” партиясынын шайлоо штабынын бардык кызматкерлери масштабдуу үгүттөө иштерин баштоо үчүн иш үстүндө биригишти. Түн ортосунда алар үгүт өнөктүктү кеңири баштоого даярданып башташты. Алдыдагы шайлоого штаб дыкаттык менен даярданууда.

“Эмгек” партиясы башкалардан кесипкөйлүгүү жана креативдүүлүгү менен айырмаланат.11-апрелде өткөн БШК шайлоосунун алдында партиянын талапкерлери шаардыктар менен активдүү иштерди жүргүзүшкөн. Партиянын мүчөлөрү байма-бай шардыктар менен жолугушуп, өзүлөрүнүн программасы менен тааныштырып турушкан. Талапкерлердин ачыктыгы менен кесипкөйлүгү байкалбай койгон эмес. “Эмгек” партиясы шайлоодо биринчи орунга чыгып, шайлоочулардын көп бөлүгүнүн добушун алган. Бирок, анткени менен шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, шайлоону кайра өткөрүү жолго коюлган.

“Эмгек” кайрадан шайлоого катышууну чечти. “Он миңдеген бишкектиктердин ишеними бизге болгон ишеним дем-күч берип, андан ары кадам таштоого кубат берет. Ошондуктан, биздин команда кайрадан шайлоого катышууга бекем белсенип, шаарыбыздын жыргалчылыгы үчүн эч нерсеге карабастан алдыга коюлган максаттарга жетүүнү чечти” - деп партиядан билдиришти.

Шайлоо бюллетенинде “Эмгек” партиясы 4ү номер менен катышууда. Партиянын девизи – “Биз жеңгенбиз. Биз жеңебиз!”

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Эмгек" саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан төлөндү.


кошулду





Биз жеңишке жеткенбиз! Жеңишке дагы да жетебиз! "Эмгек" партиясы ишин кайрадан креативдүү баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: