super.kg logo

Орусиядагы мекендешинен ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылууга шектелген жарандар кармалды

 

Орусиядагы мекендешинен миллион рубль акча каражатын опузалап талап кылган шектүүлөр изин жашырып жүргөн жеринен кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жаз айында Кыргыз жарандарынан түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ Москванын аймактык полициясы тарабынан кармалган.

"5-апрелде түн ичинде Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде кыргыз улутундагы 8-9 белгисиз жаран Кыргыз жаранына күч колдонуп УАЗ үлгүсүндөгү унаага отургузуп, токой тарапка алып барышып, аны курал менен коркутуп, ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан.

Бул окуяны ошол жакта кокустан өтүп бара жаткан адам байкап калып, укук коргоо органдарына кабарлаган. Кылмыш болгон жерге полиция келип, опузалаган 4 адамды кармашкан. Алар Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тургундары болушат. Алардан ок атуучу курал, “ИЖ-71” үлгүсүндөгү кызматтык тапанча, ок-дарылар, бычак, арматура, дубинкалар табылган. Кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы тургуну, ал уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бардыгы жөнүндө маалымат бар.

Дагы бир кармалган жаран Ноокен районунун 26 жаштагы тургуну ММА боюнча белгилүү болгон спорттук клубдардын биринде машыгат, спортчу. Окуя болгон жерден дагы Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну жана Базар-Коргон районунун 24 жаштагы тургуну кармалган.

Бул факты боюнча Орусиянын тергөө комитетинин аймактык бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси "киши уурдоо" жана 163-беренеси "опузалап талап кылуу" менен кылмыш ишин козгогон. Июнь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар изин жашырып жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 23 жаштагы тургуну кармалды", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

Ошондой эле аталган мекемеден бул кылмыш ишине шектелген дагы бир жаран издөөгө алынганын кошумчалашты. Бул факты боюнча айыпталуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана калган шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.06.2021. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кана сүрөттөрү далилиң жокпу чыгарба
21.06.2021. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыздын душманы кыргыз!
21.06.2021. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондой балдарды койбербей камап салгыла. Чыккандан кийин дагы эле улантат тоноону. Карапайым элдерди.
21.06.2021. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол черный сымалдар башка улуттун жигиттерине духтары жетпейт, кавказдын жигиттерине соз дагы суйлой алышпайт только озубуздун кыргыздарга духу жетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: