"Евро-2020": Усман Дембеле Франция курамасын таштап кетти. Ал турнирде ойнобойт
"Барселона" футболдук клубунун франциялык чабуулчусу Усман Дембеле "Евро-2020" турнириндеги мындан аркы оюндарда ойнобойт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, чабуулчу тизесинен алган жаракатынан улам жок дегенде үч жума ойной албасы белгилүү болгондон кийин, улуттук курамадан кеткен. Ошентип Дембеле Европа чемпиондугунун мындан аркы оюндарына катыша албайт. Ал "Евро-2020" турниринде 2 оюнга катышып, эч кандай голдук пас чыгарып бере алган эмес.
Франция өлүм тайпасы аталган "F" тайпасында Германия, Португалия жана Венгрия менен жайгашкан. Экинчи турдук оюндан кийин Франция 4 упайы менен тайпада биринчи орунда келе жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Jonisem

22.06.2021. 10:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлүм тайпаасы дегени эмнеси я???
pochtalyonin

22.06.2021. 14:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jonisem,группа смерти мындайча айтканда биринчи айланпа
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.