"Санкт-Петербургда 20 Кыргыз жараны кармалды" деген маалымат боюнча элчиликтин жообу
Айрым жергиликтүү маалымат каражаттарында Санкт-Петербург шаарында 20 Кыргыз жараны кармалганы туурасында маалымат жарыяланган. Бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы кеңсеси төмөндөгүлөрдү маалымдады."19-июнда Санкт-Петербургдагы София жашылча базасынын аймагында укук коргоочулар тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча 23 чет элдик жаран кармалган. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын үч жараны Фрунзе райондук ички иштер бөлүмүнүн 7-бөлүмүнө жеткирилген. Алар документтерин жана Санкт-Петербург аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун текшерүү жол-жобосунан кийин ошол эле күнү бошотулган", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:18
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















