super.kg logo

Коронавирустун индиялык штаммы дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө катталды

 

Индияда аныкталган коронавирустун "Дельта" деп аталган жаңы түрү дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Азыркы учурда биз 92 мамлекетте коронавирустун индиялык штаммы же дельта варианты бар экендигин билебиз. Бул нерсе бизди тынчсыздандырууда. Анткени аталган штамм дүйнө жүзү боюнча тез жайылып жатат", - деп билдирген ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керхове.

Буга чейин Англиянын коомдук медицина кызматы жаңы штамм коронавирустун башка түрлөрүнө караганда 64 пайызга көбүрөөк жугуштуу жана учурдагы вакциналарга бир аз чыдамдуу экендигин билдирген.

Ошондой эле индиялык штаммды жуктуруу адаттан тыш белгилер менен коштолот: ичтин оорушу, кусуу, жүрөк айлануу жана угуунун начарлашы. Мындан тышкары шотландиялык вирусологдордун айтымында, Дельта ооруканага жатып калуу коркунучун туудурат.

.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.06.2021. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай качан жоголот ушул оору?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: