super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакыр өлкөлөрдө вакциналар түгөнө баштаганын айтып, коңгуроо какты

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакыр өлкөлөрдө коронавируска каршы эмдөөнү улантуу үчүн жетишээрлик деңгээлде вакцина жок экенин белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда уюмдун башкы кеңешчиси Брюс Эйлворд бүткүл дүйнөлүк COVAX демилгеси бардык өлкөлөргө вакцинаны бирдей жеткирүүгө багытталгандыгын жана 131 өлкөгө 90 миллион доза жеткиргендигин айткан. Айтымында, бул доза калкты илдеттен коргоого жетпейт.

"Вакцинанын жетишсиздиги Африка өлкөлөрүндөгү вирустун үчүнчү толкунунан улам келип чыкты. Түштүк Африка мамлекетинин призиденти Сирил Рамафоса бай өлкөлөрдү вакцинаны топтоп албоого чыкырды. Анын айтымында, Африкага 40 миллион гана доза вакцина берилген. Бул жетишсиз. Мындан улам маселени чечүү үчүн өкмөт аймактык вакцина чыгаруу борборун куруунун үстүндө иштеп жатат. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору орто делинген мамлекеттер эмдөө албай жатканын билдирип, дүйнө бай жана кедей өлкөлөргө вакцинаны тең бөлүштүрө албай калуу коркунучунан улам моралдык катастрофа чегинде турганын билдирген. Аталган уюм өлкөлөргө вакцинага жана дарыга болгон патенттен баш тартууну сунуштады. Анткени ал башка муктаж өлкөлөргө дары-дармектин жетишин камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: