"Айдоочуну сөккөн". Сокулуктагы жолдо тартылган видеодогу инспектор жумуштан бошотулду
Буга чейин "Сокулукта жол тескөөчүсү айдоочуга сөгүндү" аталышындагы видео интернет желесине тараган. Видеодогу инспектор кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Аталган инспектор ички иштер органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду", - дешти мекемеден.
Социалдык тармактарда тараган видео ушул жылдын 17-июнунда тартылган. Андан ЖКККБнын кызматкери тарабынан жол чырактагы кызыл белгиден өттү делген Лексус үлгүсүндөгү жол тандабас токтотулганы, андан кийин башка унаанын айдоочусу (видеонун автору) токтоп, инспекторго жол чырактагы белгилердин убактысы жакын болуп калганын, ал убакта унаа кайрылып өтө албастыгын айтып жатканын көрүүгө болот.
Сокулуктагы жолдо тартылган видеодогу инспектор жумуштан айдалды

Негизи эле ушул гаилер аябай кутуруп кетишти эле