super.kg logo

Филиппиндин президенти өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн баш тарткан адамдар камакка алынышы мүмкүн экенин айтты

 

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Филиппинде коронавируска каршы эмдөөдөн баш тарткан адамдар камакка алынышы мүмкүн деп эскертти. Мындай билдирүүнү өлкө лидери жумалык брифинг учурунда жасаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.

"Мени туура эмес түшүнбөгүлө, бирок өлкө кризиске учурап, өзгөчө кырдаал алдында турат. Силер ансыз деле кыйын абалды курчутуп жатасыңар. Эгер эмдөөдөн өтпөсөңөр, Филиппинден чыгып кеткиле. Индияга же Америкага баргыла, бирок силер бул жерде жүргөндө вирустун алып жүрүүчүсү болуп саналасыңар, ошондуктан эмдөө алгыла", - деген Дутерте.

Президент ошондой эле Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышып, эмдөөдөн баш тарткан адамдардын тизмесин түзүшөрүн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: