super.kg logo

Путин АКШны Украинадагы төңкөрүштү уюштурган деп айыптады

 

2014-жылы Украинада мамлекеттик төңкөрүш болгон. Анын натыйжасында өлкөдө эки ажырым жаралып, Крым Украинадан бөлүнүп чыккан. Төңкөрүш АКШ тарабынан уюштурулганын Орусиянын президент Владимир Путин Германиянын "Die Zeit" гезитине Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 80 жылдыгына карата берген маегинде айтканын орусиялык басылмалар жазышты.

"Эмне үчүн АКШ төңкөрүш уюштурду? Ал эми Европа өлкөлөрү аны колдоп, Украинанын бөлүнүшүнө жана Крымдын анын курамынан чыгып кетишине түрткү болду?", - деген орус лидери.

Анын айтымында, Европа "Украинадагы конституцияга каршы куралдуу төңкөрүштү" активдүү колдогон. Муну эмне үчүн жасаш керек эле? Украинанын ошол учурдагы президенти Виктор Янукович оппозициянын бардык талаптарына макул болгон.

Киевдин борборунда жана Украинанын бир катар башка шаарларында массалык нааразычылык акциялары 2013-2014-жылы кыш мезгилинде болуп, натыйжада өлкөдө бийлик күч менен алмашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.06.2021. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жырткыч айран Украинаны болгон Акш эмес ушул Путин баардык Снг олколорун озуно коз каранды кылып озуно баш ийдирип жашаткысы келет Украина аны каалабады ошого ич ара согушту орустар кучотту башканы коюп Кыргыз таджик мамилесин бузуп Кыргыз окмотунун колун кыскарткан акмак дагы ушул Путин эмесе Кыргыз олкосу Тажикстанга озуно жараша жооп кылмак ушул Путин жана анын лайкасы болгон Назарбаев жана Токаевдер ич ара Кыргыз олкосун ар тараптан кысып турушту аны жонокой карапайым эл тушуно бербейбиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: