super.kg logo

Дарыгер өмүрдү 10 жылга узартуучу 5 кадамды атады

 

Британиялык дарыгер жана окумуштуу Федерика Амати өмүрдүн узактыгын 10 жылга узартууга жардам берген 5 кадамды айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, дарыгер дүйнө жүзү боюнча калкы узак жашаган 5 аймакты атап өткөн. Алар: Япониядагы Окинава аралы, Италиянын Сардиния, Грециянын Икария жарым аралдары, Коста-Рикадагы Никоя аймагы жана Калифорниядагы Лома-Линда району. Дарыгердин айтымында, бул аймактын жашоочулары өсүмдүк диетасына көңүл бурушат жана күнүмдүк рационуна жашылча-жемиштерди көп колдонгондуктан узак жашашат.

1. Күн сайын тамак-ашка жашылча-жемиштерди көп колдонуу менен организмдин иммундук системасынын иштөөсү жакшырып, дени сак жашоого шарт түзөт;

2. Экинчи шарты көп кыймылда болуу. Күн сайын жөө басып турууну адатка айлантуу керек. Сейилдөө болобу же дүкөнгө чыгып келүү же лифттин ордуна тепкич менен чыгуу же болбосо физикалык көнүгүүлөрдү жасоо. Кандай гана болбосун, күн сайын кыймылда болуп туруу өмүрдү узартат;

3. Ашыкча тоюп албоо керек. Япониянын Окинава аралынын жашоочулары ашказанын 80 пайызга гана толтурат. Өтө ачка болуу жана ашыкча тоюп алуу да ден соолукка зыян;

4. Ошондой эле кечки тамакты күүгүм киргенге чейин ичүү туура. Андан кийинки убакта тамак ичүү ашказанга эле эмес, бардык организмдин толук кандуу иштөөсүнө терс таасирин берет;

5. Акыркы шарты алкоголдук ичимдиктерден, чылым чегүүдөн баш тартып, стресс болбош керек. Булар да өмүрдүн кыскарышына алып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: