Туура 1 ай мурун аты менен кошо сууга түшүп кеткен 11 жашар баланын жансыз денеси табылды



Жалал-Абадда май айында аты менен сууга түшүп кеткен 11 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул туурасында бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
"24-май күнү Аксы районунун Түрдүк жайлоосуна мал айдап бараткан (Э.Н. 2010-жылы туулган) баланын аты үркүп Түрдүк суусуна түшүп кетип, ат суудан чыгып бала агып кеткен.
Ошол күндөн бери издөө жумуштары жүргүзүлүп табылбай келген. 22-июнь күнү издөө иштеринин натыйжасында саат 18:00 чамасында куткаруучулар тарабынан Желе-Терек тилкесиндеги сууга түшкөн жерден болжол менен 4-5 километр төмөн жактан баланын жансыз денеси табылып, суудан чыгарылып туугандарына өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.
Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында аты менен кошо сууга түшүп кеткен бала изделип жатканы кабарланган.
1-июнь күнү издөө иштеринен натыйжа болбогонуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Кечээ, 22-июнь күнү издөө иштери улантыла баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.