"Евро-2020": Тайпалык беттеште Англия курама командасы чехиялыктарды жеңди
Футбол боюнча "Евро-2020" чемпиондугунун 12-оюн күнү аяктап, 22-июндан 23-июнга караган түнү тайпалык этаптагы 3-турдун эки оюну болуп өттү. D тайпасындагы беттештердин биринде Англия курама командасы Чехияны утту. Жолугушуу Лондондогу "Уэмбли" стадионунда өтүп, 1:0 эсеби менен аяктады. Жалгыз голду англиялык чабуулчу Рахим Стерлинг киргизди.
D тобундагы экинчи жолугушууда Хорватия курама командасы Шотландия курама командасы менен кез келди. Беттеш Глазго шаарындагы "Хэмпден Парк" стадионунда өтүп, хорваттардын 3:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Чехия-Англия - 0:1.
0:1 - 12' Стерлинг
Хорватия - Шотландия 3:1.
1:0 - 17 Влашич, 1:1 - 42 Макгрегор, 2:1 - 62 Лука Модрич, 3:1 - 77 Иван Перишич.
Ошентип Англия 7 упай топтоп, Европа чемпиондугунун плей-офф баскычына D тайпасында биринчи орунга чыкты. Чехия курама командасы 4 упай топтоп, Хорватиядан кийинки үчүнчү орунду ээледи. Ошого карабастан Чехиянын курама командасы дагы мелдештин плей-офф баскычына чыгышты, анткени алар өз тайпаларында үчүнчү орунду ээлеген Украина жана Финляндия курама командаларынан көп упай топтошту. Акыркы төртүнчү орунду Шотландия курама командасы алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.