super.kg logo

"Төбөсү көрүнгөн чоң ишкер деп унчукпай, мамлекеттин акчасын уурдата беришибиз керекпи?". Жапаров ишкер Генрих Балян тууралуу пикирин айтты

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Генрих Балян тууралуу да пикирин айтты.

"Балян деген ишкерди жакшы билесиздер. Бул мамлекеттик банкка болор-болбос күрөө коюп, 2 миллион 500 миң доллар насыя алып кеткен. Бирок бир дагы ай, бир күндүк үстөк пайызын ушул күнгө чейин төккөн эмес. Бул деген мамлекеттик банкты алдап, банктын жетекчилери менен сүйлөшүп алып, аларга пара берип алган жана коюлган күрөө менен гана кутулуп кетейин деген. Бирок УКМК суракка алганда банкирлер пара алганбыз деп моюнуна алышты.

"Керемет банк" 100 пайыз мамлекеттики. 30 жылдан бери ушундай тоноолор уланып келе жатат да. Анан биз аларды "бейөкмөт уюмда иштеген эжеси бар, ал кыйкырып чыкпасын" деп же "бул төбөсү көрүнгөн чоң ишкер" деп унчукпай, мамлекеттин акчасын уурдата беришибиз керекпи?", - деди Жапаров.

Буга чейин УКМК ишкер мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өтпөй турган мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2 миллион 300 миң долларлык насыя алганын кабарлаган.

Ага карата 204-берене “алдамчылык” менен иш козголуп, ишкер 15-июнда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Андан кийин ал мамлекетке 60 миллион сом төккөнү кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: