super.kg logo

Келечек конушундагы окуучу кыздын өлүмү: Кыздын жакындары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты

 

Буга чейин 11-мартта Келечек конушунда №87 мектептин 5-классынын окуучу кызы мектептен ооруканага жетпей каза болгону кабарланган. Ошол учурда "кызыма биринчи медициналык жардам көрсөтүшсө, балким, тирүү калат беле" деп апасы нааразы болгон.

Бүгүн, 23-июнда кыздын туугандары өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышты. Алар аталган мектептин директорун жумуштан кетирүүнү талап кылып чыгышты.

"Эмне үчүн алар окуя болгон күндөгү видео жазууну өчүрүп салышат? Эмнеге биринчи медициналык жардамды жакшы көрсөтүшпөйт?", - деп билдирген кыздын апасы Обагул Идирисова.

Анын айтымында, мектептеги медицина кызматкери биринчи жардамды көрсөткөн эмес, кызматкерлердин шалаакылыгынан кызы каза болгонун белгилейт.

Белгилей кетсек, бул маселе боюнча Бишкек шаардык мэриясы жыйын өткөргөн. Анда аталган мектептин жамааты, ФАПтын, ошондой эле "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери, кызды кабыл алган дарыгерлер жана окуучулардын ата-энелери катышып окуя боюнча көрсөтмө беришкен.

Анда бул окуяга тиешеси бар кызматкерлер, кыз ошол күнү өзүн жаман сезип, апасы баш оорунун дарысын ичирип сабакка жибергенин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер кыз буга чейин олуттуу жүрөк оорусу менен ооруп келгенин айтышкан.

10-июнда кыздын туугандары жактоочусу менен бирге маалымат жайын берип, апасы кызы ал күнү өзүн жаман сезбегенин жана ага эч кандай дары бербегенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.06.2021. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза адам эч качан артын тазалабайт, значить внимание болгон эмес директор баш болуп резко реакция кылышпаган ошол учун видео очурулгон. Анан сураныч шайладым деп милдет кыла бербегилечи жон кана адилеттуулукту талап кылгылачы. Озу президент адилет тарапта. Просто ортодогу эшшектер ага жеткизбейт. Аллахым уй булоонорго сабр берсин, эч кимди Аллахым балам деп сыздатпасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: