Көлдө инспекторлор менен мас абалдагы айдоочу катышкан жол кырсыгы: Ооруканага түшкөн эки жарандын абалы оор
Буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылында жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталганы кабарланган.
Анда Ауди С4 үлгүсүндөгү унаа велосипед тээп бара жаткан жергиликтүү тургунду сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул окуяга күбө болгон инспекторлор кызматтык унаа менен аны кууп бара жатканда жөө адамдар өтүүчү жолдон бир адамды сүзүп алышкан.
Натыйжада велосипед тээп бара жаткан 24 жаштагы жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жабыркаган 33 жаштагы тургун Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Бүгүнкү күндө экөөнүн тең абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ооруканадан билдиришти.
"Жол кырсыктан жабыркап келип түшкөн эки жаран тең жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатышат. Абалдары оор, 24 жаштагы тургундун абалы өтө оор деп бааланып жатат. Экөө тең баш сөөктөрүнөн көбүрөөк жабыркаган", - деп билдиришти аймактык ооруканадан.
Белгилей кетсек, Ауди С4 унаасынын 34 жаштагы айдоочусуна медициналык текшерүү жүргүзгөндө анын мас абалда экендиги аныкталгандыгын милициядан кабарлашкан. Ал эми инспекторлорго карата кызматтык териштирүү башталган.





1 |