super.kg logo

"Алтын сертификатка" ээ болгон бүтүрүүчү: "Ата-энемдин мени менен сыймыктанып турушун кааладым"

 
Бул жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, 58 окуучу эң жогорку балл алып, "Алтын сертификатка" ээ болушту. Ал эми Баткен облусунан 3 окуучу "Алтын сертификат" алып, кубанычтары коюнуна батпай жаткан учуру. Алардын бири Кадамжай шаарындагы "Семетей" Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Маратбек Арапов.

Ал үйдүн эң кенжеси, үч эжесинин эрмеги. "Мен үчүн эң чоң мотивация - ата-энемдин ыраазычылыгы" деген Маратбек менен маек курдук.

- Маратбек, алгач өзүң тууралуу айтып берсең?

- Мен Кадамжай шаарындагы Абдусамат айылында төрөлгөм. 7-класстан баштап Кадамжайдагы Кыргыз-Түрк лицейинде окудум. Үч эжем бар, үйдүн кичүү баласымын. Ата-энем айылдагы мектепте мугалим болуп эмгектенишет.

- "Алтын сертификаттын" ээси болушуң менен куттуктайбыз. "Алтын сертификат" алам деп ойлодуң беле?

- Ооба, тестирлөөгө киргенге чейин "Алтын сертификат" алсам деп максат кылгам. Бирок тестирлөө учурунда акыркы тапшырмаларды аткарууга убактым жетпей калды. Ошондон кийин болбой калды окшойт деп жаткам. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары чыгып жатканда мугалимдерим телефон аркылуу "Алтын сертификат" алыптырсың, куттуктайбыз" дешти. Күтүлбөгөн кабар болду. Эң биринчи эле эжелериме сүйүнчүлөдүм. Атам менен апама кечинде айттым. Алар да абдан кубанышты.

- Тестирлөөгө кантип, канча убакыт даярдандың?

- Лицейде Гүлзара деген эжейим бар, ал багыт көрсөтүп, даярданууга жардам берди. Андан сырткары күнүнө 2 сааттан кошумча окуп жаттым. Тестирлөөнү "Билимди баалоо борбору" өткөргөндүктөн ошол мекеменин китептери менен даярдандым. Негизгиси мээнет кылсаң эмгектенсең үзүрүн көрөт эмессиңби. Адам эрктүү болушу керек экен. Тартип болбосо, ийгилик болбойт.

- Сага эмне мотивация берип жатты?

- Чоң жаңылык жасагым келди. Эң негизгиси ата-энемдин мени менен сыймыктанып турушун кааладым. Бул эми башталышы, буюрса.

- Кайсы кесиптин ээси болоюн дейсиң?

- Медицина жаатына кызыгам. Ошондуктан медициналык академияга тапшырсамбы деп ойлоп жатам. Химия жана биология предметтеринен сынак тапшырып, алардан да өттүм. Келечекте элиме, жериме пайдасы тийген инсан болгум келет. Көз дарыгери болсомбу деп ниет кылып жатам. Дагы байкаштырам.

- Президент менен жолугууга даярданып жатсаң керек...

- Ооба, жакында Бишкекке жөнөйм. Президент жөнөкөй адам эмес да. Ошого бир аз толкунданып жатам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
23.06.2021. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец ийгилик. Президентке окшоп элиндин акын жебеген чынчыл патриот инсан бол.
23.06.2021. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктаймын
25.06.2021. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иним бул ийгилигин жашоондогу эсте кала турган жакшы учурун,мындан ары да жолун байсалдуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: