"Балчылык менен алектенип жатканын айткан". Чүйдө 40 жаштагы Андрей Радионов 2 жылдан бери дайынсыз болууда
Чүй облусунун Жайыл районунда 40 жаштагы Андрей Радионов аттуу жаран 2 жылдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Панфилов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы аталган райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 1981-жылы туулган Андрей Радионов аттуу баласы август айынын ортосунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.
"Баласы акыркы жолу август айынын аягында апасына байланышка чыгып, аталган райондун аймагында балчылык менен алектенип жатканын билдирген. Ошол бойдон бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болууда. Анын белгилери: бою 189 сантиметр, арык чырай, каш тарабында тырыгы бар", - деп айтылат маалыматта.
Милиция сүрөттөгү жаранды көргөн же билгендер болсо, төмөнкү номерге кабарлап коюуну суранат: +996 702 317 522.
