Июнь айында сабизге болгон эң жогорку баа Баткенде катталды
Өлкөдө жашылча, жемиштердин баасы бир айда дагы жогорулады. Улуттук статистикалык комитеттин 23-июнга карата берген маалыматына ылайык, жашылчаларга болгон баа 16,4 пайызга жогорулады.
Комитеттин маалыматына караганда, жашылчалар 19,5 пайызга, мөмө-жемиштер 6,4 пайызга кымбаттаган. Ошол эле учурда сабиз 1,6 пайызга, картошка 36,3 пайызга, өрүк 2,2 пайызга, алма 15,4 пайызга жогорулаган.
Ал эми Бишкекте картошканын чекене баасы республиканын орточо көрсөткүчүнөн ашып, 1 килограммы 58 сом 44 тыйынды түздү. Сабиздин баасынын жогорулашы Баткен (килограммы үчүн 77 сом 40 тыйын), Нарын (килограммы үчүн 75 сом 46 тыйын) облустарында жана Бишкек шаарында (килограммы үчүн 75 сом 9 тыйын) катталды.
Аймактар боюнча картошка менен сабиздин июнь айындагы орточо чекене баасы:









1 |