super.kg logo

"Жол кырсыгы көбөйүүдө". Бишкекте жакынкы күндөрү айдоочуларга карата рейд жүрөт

 

Бишкек шаарында жакынкы күндөрү жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейд өтөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында 1 миң 71 жол кырсыгы катталып, 1 миң 370 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан.

"Бул көрсөткүч өткөн жылдын 5 айына салыштырмалуу жол кырсыгы 298ге көп катталып, ал эми жаракат алгандардын саны 343кө көп экендигин билдирет. Жол кырсыктарынын келип чыгуусуна айдоочулардын айдоо маданиятынын жоктугу, жол эрежелеринин толук сакталбаганы себеп болууда.

Ошол себептүү милициянын кайгуул кызматы жакынкы күндөрү жол кырсыктарын алдын алуу, ага жол бербөө жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга чара көрүү максатында борбордук жана жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдө унааларды токтотуп текшерүү өткөрөрүн алдын ала маалымдайт. Айдоочулар жол эрежени так сактап, айдоочунун жана унаанын керектүү документтери болуусун эскертебиз", - деп билдиришти кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.06.2021. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экзаменден откоруш керек баарын кайрадан жакшылап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: