super.kg logo

"1145 жаран кайрылды". Ошто милиция кызматкерлери элдин арыз-даттанууларын угушууда

 

Ош облусунун аймагында 5 ай ичинде көчмө кабылдамага 1 миң 145 жарандан кайрылуу түштү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 603 социалдык маселелер боюнча даттануулар болсо, 22 ички иштер органдарына тиешелүү болгон. Алардын 480и жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечилүүчү маселелер болгондуктан, айыл өкмөттөргө өткөрүп берилди. Ал эми 9 учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

"Бүгүн, 23-июнь күнү Араван районунун Тепе-Коргон айылында Араван РИИБинин кызматкерлери көчмө кабылдама унаа менен район аймактарын кыдырып жатышат. Аталаган аймакта 2500гө жакын калк жашайт.

Милициянын көчмө кабылдамасы үн чыгаруучу аппарат аркылуу жарандардын арыз-даттанууларын кабыл ала турганын маалымдаганда, айыл тургундары унаа токтогон жерге келишип, көйгөйлүү маселелер боюнча суроолорун берип тийиштүү жоопторун алып, тийиштүү органдарга арыз-даттанууларын жолдошту.

Ошондой эле калк жыш жайгашкан жерлерде санитардык-гигиеналык эрежелерди, коргонуу чараларын, социалдык аралыкты сактоо жөнүндө маалыматтар берилди. Мындан сырткары өспүрүмдөрдүн түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыгууларын жана өспүрүмдөрдүн арасында сууга чөгүү кокустуктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: