super.kg logo
  Саясат  

БУУнун башкы катчысынын кеңешчиси Нарында болду

 
БУУнун Башкы катчысынын орун басары Джуди Ченг-Хопкинс Нарын облусунда болду
Облус башчынын орун басары Эмил Алымкулов конок менен жолугушууда
БУУнун Башкы катчысынын орун басары Джуди Ченг-Хопкинс Нарын облусунда болду

Бүгүн, 25-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары Джуди Ченг-Хопкинс Нарын облусуна барды. Муну өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады. Ченг-Хопкинс облус башчынын орун басары Эмил Алымкулов менен жолугушуп, анда Алымкулов конокко айыл жана мал чарбачылыгы боюнча маалымат берди. "Бизде кыргыз элинин каада-салты, маданияты сакталып калган. Облуста калктын 99 пайызы кыргыздар",- деди Алымкулов. 

Джуди Ченг-Хопкинс жылуу кабыл алганы үчүн өкүлчүлүккө ыраазычылык билдирип, Нарындын табиятынын сулуулугун белгиледи. Сүйлөшүүдө аталган уюмдун Нарын облусуна көрсөтүп жаткан колдоосу да айтылды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: