Республикалык штабдын жыйынында эпидемиологиялык абалды турукташтыруу маселеси талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова республикалык ыкчам штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык мекемелердин айрым корпустарын бошотуу, 118 номерлүү кызматтын ишин өркүндөтүү, амбулатордук деңгээлде диагностикалык жана дарылоо иштерин күчөтүү маселелери каралды.
Мындан тышкары коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптарды аныктоо жана кайра жиберүү үчүн бөлүштүрүү пункттарын уюштуруу, ошондой эле медициналык мекемелердин жана жеке лабораториялардын биргелешкен иши жөнүндө маселелер талкууланды.
“Коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны тез өсүүдө. Эч ким былтыркы жылдагы экономикалык ишмердүүлүктү чектөө, ошондой эле жарандардын өлүмгө учуроо деңгээли боюнча сценарийдин кайталанышын каалабайт. Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүлөрү зарыл. Саламаттыкты сактоо системасы бейтаптардын саны дагы өсүшүнө даяр болушу керек. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн тийиштүү медициналык жабдуусу каралган кошумча керебеттерди жайгаштыруу жана көбөйтүү боюнча ыкчам чараларды кабыл алышы зарыл. Республикада дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, дарыкана тармактарында жана саламаттыкты сактоо уюмдарында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттарынын жетиштүү запасы болушу керек. Бул маселелер туруктуу көзөмөлдө болууга тийиш”, – деди Жылдыз Бакашова.
