super.kg logo

Улукбек Марипов: "Күчүн же актуалдуулугун жоготкон мыйзамдарды укуктук колдонуудан алып салуу керек"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов юстиция министри Асел Чыныбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Юстиция министри “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө” президенттин жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы мыйзамдарды инвентаризациялоонун жүрүшүндө мамлекеттик ар бир органдын жана коомчулуктун пикирин эске алуу зарылдыгын белгиледи.

“Күчүн же актуалдуулугун жоготкон мыйзамдарды укуктук колдонуудан алып салуу керек. Кайталанма мыйзамдарды синхрондоштуруу зарыл. “Аракеттеги мыйзамдар менен ченемдик-укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык келтирүү боюнча иштер маанилүү аспекти болуп саналат”, – деп айтты Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана аларды санарип форматына өткөрүү маселелери талкууланды.

“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында санарипти киргизүү боюнча иштерди ыкчамдатуу зарыл. Электрондук кол тамганы, электрондук нотариатты киргизүү - булар бардыгы убакытты талап кылат, бирок чечиле турган маселелер. Мамлекеттик нотариустар жөнүндө өзүнчө айта кетким келет. Бардык жерде кезек күтмөйлөр. Бул маселе токтоосуз чечүүнү талап кылат. Айрым функцияларды жеке нотариустарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүү керек. Эгерде аны кылууга мүмкүн болбосо, мамлекеттик нотариустардын штатын көбөйтүү маселесин карап көрүү кажет. Бардык реформаларда жана өзгөрүүлөрдө биз биринчи кезекте калктын жашоосун жакшыртуу жөнүндө ойлонушубуз абзел”, – деди Марипов.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Улукбек Марипов мыйзам долбоорлорун даярдоо жаатында аткаруу бийлигинин органдарынын ишмердигин координациялоону камсыздоо жана жаралган көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн өз убагында маалымдоо маселелерин караштырууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: