"Өзүбүздүн жарандарды камсыздашыбыз керек". Казакстан Алымкадыр Бейшеналиевдин вакцина боюнча билдирүүсүнө жооп берди
Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов казак вакцинасы август айынын аягынан баштап гана ири көлөмдө чыгарыла тургандыгын, андыктан жакынкы аралыкта аны башка өлкөлөргө жеткиришпей турганын билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Тугжанов саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Казакстан QazVac вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө жардам иретинде жөнөтөт деген билдирүүсүнө жооп катары Казакстандын жакынкы аралыкта ата мекендик QazVac вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам катары жеткирүү жөнүндө жакынкы айларда план жок экенин билдирген.
Вице-премьер-министрдин айтымында, учурда QazVac'тын бир айлык өндүрүшү 100 миң дозаны түзөт. "Ушул айда 25-июнда бизде дагы 100 миң болот. Июль айында дагы 100 миң дозаны пландаштырдык. Августтун аягынан баштап, тактап айтканда 30-августта жана 1-сентябрда бизде ай сайын көлөмү 600 миң доза деңгээлине жетебиз. Бул маселе биздин көзөмөлүбүздө", - деген ал.
Тугжанов өлкөдө казакстандык вакцинанын тартыштыгы жок экендигин баса белгилеген. QazVac'тын болжол менен 30 миң дозасы баланста деген ал.
"Ооба, бүгүн бизден жеткирүүнү камсыз кылууну суранган өлкөлөр бар. Бирок биринчи кезекте, биз өзүбүздүн жарандарды камсыздашыбыз керек. Ошондуктан ушул тапта июнь, июль, атүгүл август айларында башка өлкөлөргө жеткирүү маселеси каралган жок. Кыргыз өлкөсү тараптан, ооба, кайрылуу болуп жатат, биз аны кечээ көрдүк. 600 миң дозага чыкканыбызда казакстандык вакцинаны башка өлкөлөргө жеткирүүнү ойлонуштурабыз", - деген Тугжанов.




1 |