super.kg logo

"110 миң сомдун ордуна болгону 20 миң сом төлөп келишкен". Салымбековдун "Дордой" стадионун негизсиз текшере берет деген билдирүүсүнө министрликтин жообу

 
Кечээ, 23-июнда президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Анда ишкер Аскар Салымбеков 15 жылдан бери жыл сайын "Дордой" стадионунун аймагын мамлекетке алуу боюнча текшерүү Маданият министрлиги, Прокуратура тарабынан токтобой келгендигин айтып, ишкерликке психологиялык жактан тоскоол болуп жаткандыгын билдирген.
Маданият министрлиги дарегине айтылган арыз-муң чындыкка дал келбей турганын айтып, билдирүү жасады.
"Буга чейин министрлик жана “ Дордой” ассоциациясынын ортосунда эки ирет 2007-жылы жана 2011-жылы жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө келишим түзүлгөн.
Өкмөттүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 буйругуна ылайык, Абдрахманов, Мичурин жана Куреңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги К.Жакыпов атындагы сейил багынын жер тилкесин "Дордой" ассоциациясына ден соолукту чыңдоо жана оюн-зоок сейил багынын курулушу жана долбоору үчүн берүү” жөнүндөгү токтомунун толук аткарылышын изилдөө максатында министрликтин №295 буйругуна ылайык (16.09.2014) ведомство аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын корутундусу бир катар мыйзам бузууларды аныктап, ижара акысындагы дал келбөөчүлүктү так белгилеп берген. Анын натыйжасында, ага чейинки келишим жокко чыгарылып, ижара акысы, жер тилкеси жана мөөнөтү тийиштүү органдар тарабынан белгиленген өлчөмдүн негизинде даярдалган жаңы келишимге кол коюлган. Тактап айтканда, текшерүүгө чейин "Дордой" ассоциациясы айына 110 миң 205 сомдун ордуна болгону 20 миң сом өлчөмүндө акы төлөп келишкен. Мындан тышкары максатсыз пайдалануу жана ашыкча жерлерди ээлеп алуу боюнча да фактылар катталган. Тилекке каршы, ал фактылар боюнча чара көрүлгөн эмес.
Президенттин бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусундагы Аскар Салымбековдун министрликке койгон дооматы жүйөсүз. Анын айтымында, жаңы келген министрлер ал “гүлдөтүп” койгон жерди тартып алуу максатында байма-бай прокуратурага кайрылган. Өз кезегинде, министрлик жогорудагыдай мазмундагы арызды бир дагы текшерүүчү органга жолдобогондугун билдирет. Белгилей кетчү жагдай, Салымбеков ижара акысын толук төлөбөгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан жиберилген билдирүү-каттарды арыз деп түшүнүп алышы мүмкүн. Ал эми андай билдирүүнү тийиштүү орган министрликтин макулдугусуз жөнөтө алат. Ошондой эле сунушту (Представление об устранении нарушений закона) министрлик да алган. Бул маселе боюнча министрлик мындан кийин да мыйзам талаасында гана иш алып баруусун улантат", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.06.2021. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Көктөндүрүп койгон жерди талашып баштадыңарбы. Эгер тартып ала турган болсо кайрадан талкалап түздөп туруп Тааланын өткөрүп бериңиз Аскар Салымбеков
24.06.2021. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Altyn10076, Салымбековдун башына кара булут каптады окшойт. Жүздөгөн гектар жерлерге тойбогон салымбек ошол кенедей жердин арендасын толук эле төлөп турбайбы. Эмне салымбекте жокпу акча уят да 110 205 сомдун ордуна 20 000 төлөп атканы туурабы
Салымбекти өтө терең казыш керек бул өтө чириген бай да
Элестеткиле кенедей жерден ошончо жеп атса Дордойду текшерсенер ооуу иш көөп Али
24.06.2021. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дордойдо Салымбековго караган тараптамын, Баковой местага жалюзи коюш үчүн уруксат кагазы эле 3000$ экен. А так арзанга эле бүтчү иш дешет билгендер.
24.06.2021. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салымбеков жондон жон байыбайт,ошого окшогон алдамчылык,арам акча менен байвп журот.Бинести кылса кылсын,но алдабай налогду ток и сага эч ким тийишпейт!
24.06.2021. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салымбеков- спорт мектеп ачып эрежесиз эр урушту уюштурган жок, футболды өнүктүрүүдө. Башкалардан окшоп той өткөргөн жок, жеке мектептерин ачып билим берүүгө, келечекке кам көрүүдө. Салымбеков- болбогондо бүгүн кыргыз футболу бул деңгээлге жетсек эмес. Эң башкысы ал чиновник болуп эл акысын уурдаган жок, баары мээнети менен. Мен ал кишини тааныбайм, жанынан да көрбөгөм. Эгер ушул сыяктуу 5 меценат болгондо бир нече тармақтар гүлдеп өнүкмөк.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: