Апасы менен 2 наристенин өмүрүн алган жол кырсыгынын милицияда иштеген катышуучусу кызматтан бошотулду
Ысык-Көлдө апасы менен 2 наристенин өмүрүн алган жол кырсыгынын катышуучусу Ж.Т. аттуу кыз ички иштер органдарындагы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, аталган кызматкер Тоң РИИБиндеги жумушунан бошотулду.
Ал кызматкерге Жазык кодексинин 300-беренеси "автотранспорт каражатын башка бирөөгө айдоого жол берүү" менен кылмыш иши козголгон.
"Ал эми Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна карата чектөө чаралары медициналык мекемеден чыкканда каралат.
Ага карата Жазык кодексинин 297-беренеси "жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу" жана 135-берене "этиятсыздыктан киши өлтүрүү" негизинде кылмыш жасоого шектелүүдө", - деп билдирди облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
12-июнда Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында жол кырсыктан келин эки кызы менен каза болуп, баласы ооруканага түшкөн.
Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү токтоп турган унааны сүзгөн.
Бир заматта келинчеги менен балдарынан ажыраган ата биздин порталга кырсыктын чоо-жайын айтып берген.
Адам өмүрүн алган жол кырсыгында айдоочу мас экендиги маалымдалган. Айдоочунун жанында дагы бир кыз келе жаткан. Ал Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө иштери белгилүү болгон.
20-июнда кырсыктын катышуучусу тагыраагы аталган Ж.Т. аттуу кыз үй камагына чыгарылган.

Мас абалында неге рульга отурушат дейм да шоферлорду.