Министрлик мектеп бүтүрүүчүлөрүнө шаан-шөкөт уюштуруп, бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салды

Белгилүү болгондой, министрдин орун басары Надира Жусупбекова 2020-2021-окуу жылынын аякташына жана республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүгө байланыштуу райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Анда мектептердин аймагында өтө турган иш-чараларда санитардык нормаларды сактоо, ага бүтүрүүчүнүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөсүн гана катыштыруу менен өткөрүлүшүн көзөмөлдөө, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери менен тыгыз иштешүү тапшырылды.
"Аттестаттарды тапшыруу маалында тартиптин камсыздалышы, бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн жана саламаттыгынын сакталышы үчүн жекече жоопкерчиликти жалпы билим берүү уюмдарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери тартышат", - дешти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.