super.kg logo

Фарид Ниязовдун сотто кайрадан каралуучу баш коргоо чарасы жылдырылды

 

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы кайрадан каралмак. Бирок соттук отурум 29-июнга жылдырылды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ниязов сотко алып келинбегендигине байланыштуу жактоочу соттук отурумду жылдыруу боюнча өтүнүч келтирген. Жыйынтыгында, анын өтүнүчү канааттандырылып, сот кийинкиге жылдырылды.

Эске салсак, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган.

Ага карата Жазык кодексинин 264-беренеси "массалык баш аламындыкты уюштуруу" боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: