Министрлер кабинети коронавируска байланыштуу чукул жыйын өткөрөт
Эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде айтылды.Маалыматка ылайык, кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырган.
"Кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Мындан тышкары президенттин жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, жарандарды вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















