super.kg logo

Түркияда Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

 

Түркиянын улуттук жыйынынын имаратында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган көргөзмөнү ачууда Түркиянын вице-спикери Сурей Сади Бильгич катышып, эки өлкөнүн элдерин диний, тарыхый, тилдик жана маданий окшоштуктар тыгыз байланыштырып турарын айтты.

“Кыргыз бир туугандарыбыз ар дайым түрк элинин жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлеп турат. Биздин өлкө көп жылдар бою эки элдин достугу үчүн арекет жасап келет. Биз Кыргыз мамлекети көз карандысыздыкка ээ болгон күндөн баштап, азыр да кызматташууга даярбыз”, - деп билдирди.

Көргөзмө 30-июнга чейин уланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.06.2021. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режим киргизип койсо жакшы болот эле. Жумуш жагын да оңойлотуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: