super.kg logo

Чүйдө кызганычтан улам аялын сабап, тирүүлөй аңга көмүп салган кишиге сот өкүм чыгарды

 

Чүй облусунун Панфилов районунда аялын тирүүлөй көмүп салган жаранга карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Панфилов райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот аны 280 саатка коомдук жумушка тартуу өкүмүн чыгарган.

"Бул маселе сотто каралып жатканда айыпталуучунун аялы "бул ишти өндүрүштөн кыскартып бергиле" деп өзү коюп жаткан айыптарынан баш тартып, тосмо арыз жазып берген. Ал "балдарыбыз бар, мындан ары чогуу жашайбыз" деп кечиргенин билдирген. Соттук процесстер уланып отуруп аны коомдук жумушка тартуу чечими кабыл алынды", - дешти аталган соттон.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 22-апрель күнү Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кумарык айылынын тургуну аялын сабап, тирүүлөй аңга көмүп салган.

SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барганда, келиндин жакындары окуянын чоо-жайын баяндап беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, 35 жаштагы күйөөсү мас абалында үйүнө келип, 33 жаштагы аялын кызганычтан улам сабап, андан кийин үйдүн артына алып барып аңга түртүп, белине чейин көмүп салган. Бул окуяны көргөн кошуналары жардам берип, келинди бошотушкан.

Сурак учурунда күйөөсү кылган ишин моюнга алып, кызганычтын айынан аялын ушундай жол менен коркуткусу келгенин айткан. Көп өтпөй келиндин күйөөсү үй камагына чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
24.06.2021. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах ыраазы болсун сизден аял киши ушунчалык өтө боорукер өтө кечиримдүү жан болот экен да. Карагылачы тирүүлөй өлтүрө турган адамды кечирип кантсе да балдарымдын атасы деп актап алыптыр. Аял заты силерге даңк!!!
24.06.2021. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул жолу олумго жеткирбей Аллахым эскертуу берип,тируулой алып калды,кийинкиде тируулой комуп,олтуруп салса озундон кор
24.06.2021. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
280 саат эмне иш кылат ошондо
,,
25.06.2021. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайын журту барса керек да аялга ажылдап, Аллахым мындайлардан озун сактай кор
25.06.2021. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тооба кылгыла. куйоосуно жаза бериш керек бирок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: