super.kg logo
  Саясат  

"Кумтөр" боюнча айыпталып экс-министрлер кармалды

 
Кыргызстандын мурдагы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев
Кыргызстандын экс-каржы министри Болот Абилдаев

"Кумтөр" боюнча айыпталып Кыргызстандын айрым экс-министрлери кармалды. Муну Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Башкы прокуратуранын көзөмөлүндөгү мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан 1992-2009-жылдар аралыгында "Кумтөр" боюнча пайдасыз келишимдерди түзүүгө катышкан деп айыпталып экс-каржы министри Болот Абилдаев жана мурдагы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев кармалды. Аларга коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген берене боюнча айып тагылууда.    

Учурда аларды камакка алуу боюнча соттун чечим чыгарышы күтүлүп жатат.

 

Темирбек Акматалиев: 

1996-1998-жылдары Ала-Бука районунун акими, 1998-1999-жылдары Талас облусунун губернатору, 1999-2001-жылдары Ош облусунун губернатору  

2001-2002-жылдары Каржы министри, 2002-жылдын 18-январынан ушул жылдын май айына чейин ички иштер министри болуп иштеп, Аксы окуясынан кийин отставкага кеткен 

2002-жылдын 14-августунан 2003-жылдын 18-декабрына чейин президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары  

2003-жылдын 18-декабрынан 2004-жылдын февраль айына чейин экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган 

Кийин бир катар кызматтарда иштеп, 2005-жылы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп кайра дайындалып, бир топ убакытка иштеген 

 

Болот Абилдаев:   

1991-93-жылдары КРнын чийки заттык биржасынын вице-президенти  

1993-94-жылдары "Дасмия" ЖЧКсынын директору

1994-96-жылдары кыргыз-казак биргелешкен "КиК Ltd" ишканасынын директору

1996-97-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору  

1997-99-жылдары Свердлов районунун аймактык казыначылык бөлүмүнүн башчысы  

1999-2000-жылдары Каржы министрлигинин алдындагы "Түндүк" темир жолу бажысынын башчысы  

2000-2002-жылдары Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директору  

2002-2003-2005-жылдары Каржы министри

2006-жылы орусиялык "Газпром" компаниясынын президентинин кеңешчиси  

2006-жылдын июль айынан кийин "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген.   


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: