Садыр Жапаров Тажикстанга болгон расмий иш сапарында Рахмон менен чек арадагы маселелерди талкуулайт
Президент Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Түркмөнстанда болот. Андан кийин 28-29-июнда Тажикстанда болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан маалымдашты.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Андан ары Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанда болот. Анда Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн болушу күтүлүүдө.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы маселелерди талкуулашат.

Садыр Жапаров барбай эле, нейтралдуу жерде сүйлөшүш керек чек ара меселесин. Же Туркменияда жолугушса болмок. Жок жегенде Ташкентте. Чек ара ачыла турган болсо куй болот ушунча аракет.