Милиция кызматкерлери суу постторун текшерип, ашыкча суулар агып жатканын аныкташты





23-24-июнь күндөрү Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост текшерилип, эреже бузулганы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери суу постторуна көзөмөлдү күчөттү.
"Текшерүүнүн натыйжасында Москва районуна 16,5 куб метр суу киргени, анын 1,3 куб метри агып кеткени маалым болду. Мындан сырткары Р-19-3 гидропостунун шлюзу ачык бойдон калып 200-250 литр суу агып жатканы аныкталды. Суу колдонуу бөлүмүнүн адиси Ш.Т. шлюз жабылбай калганын моюндаган. Буга байланыштуу департаменттин директору кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды", - дешти аталган министрликтен.
Р-20-1 гидропостунун шлюзу авариялык абалда болгондуктан 159 литр суу агып кеткен. Москва РИИБинин жетекчилиги Чоң Чүй каналынын өтө көйгөйлүү 7-постуна коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн көзөмөлгө алды.
Милиция кызматкерлери өлкөдөгү сууну үнөмдөө, кайтаруу иштерин колго алып тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын кошумчалашты.
