Коронавирустан улам Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы үгүт иштери боюнча партияларга кайрылды
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы партияларга кайрылып үгүт иштерин онлайн өткөрүүнү жана жолугушууда шайлоочулардын санын 50 кишиден ашырбоону суранды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек АШКнын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Айтымында пандемия шартына байланыштуу партиялардын үгүт иштерин телекөрсөтүү, радио, аудио жана видео форматтарын колдонуп, онлайн режиминде өткөрүүнү суранышкан.
"Саясий партияларга кайрылуу жазганыбыздын себеби бүгүнкү күндө чоң шаарларда эпидемиологиялык абал курчуп баратат, ооругандар көбөйүүдө. Биз буга чейин июндун аягы, июлдун башында ооругандардын саны көбөйө тургандыгы жөнүндө божомолдорду билгенбиз. Ошол себептен саясий партияларга кайрылып үгүт компаниясын өткөзүп жатканда 50дөн ашпаган шайлоочуларды гана чогултуп, санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүүнү сурандык", - деди Маматов.
