"Бишкекте 121 сом, Таласта 953 сом". Улукбек Марипов дары-дармектер менен камсыз кылуу департаментинин ишин сынга алды
Улукбек Марипов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы дары-дармектер менен камсыз кылуу департаментинин ишин, дары-дармектердин бааларына көзөмөл жоктугу үчүн сынга алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Цефепим дарысы Бишкекте 121 сом болсо, Таласта 953 сом. Айырмасы чоң. Департаменттин иши кайда? Эмне үчүн бул баалар көзөмөлгө алынбай жатат? Же учурду колдонуп ар кандай бааларды коё беребизби? Департаменттин иши качан иретке келтирилет? Мен дары-дармектерди маркировкалоо боюнча буйрук бердим, департамент бул багытты санариптештирүү боюнча эч кандай иш жүргүзгөн жок”, - деген министрлер кабинетинин башчысы.
Андан сырткары, Марипов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мекемелердин дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттары менен, ошондой эле калкты дары-дармектер менен камсыз кылууну туруктуу көзөмөлдөөнү тапшырган.
