Тажикстандын чек арачылары Кыргыз айдоочусун унаасы менен кошо барымтага алып алышты
Кыргыз өлкөсүнүн жүк ташуучу унаасынын айдоочусу Виталий Шульц тажик чек арачылары тарабынан барымтага алынды. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 24-июнда жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон Виталий Шульц аттуу Кыргыз жараны Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында калгандыгы жана өлкөдөн чыгып кете албай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Виталий Шульц билдиргендей, Тажикстандын чек арачылары аны Тажикстандан жүк ташуучу унаасы жок эле чыгып кетиши мүмкүн экендигин билдирген.
"Кечээ Ош шаарынан дагы алты кыргыз номерлүү жүк ташуучу унаа келди. Алар дагы Кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Аларга дагы унаасын таштап Тажикстандан чыгып кетүү мүмкүн экендигин айтышкан", - деген Шульц.
"Акыйкатчы Токон Мамытов Тажикстандагы адам укуктары боюнча акыйкатчы Умед Бобозодага Кыргыз жаранынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана эркиндигин коргоо боюнча керектүү иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул бүгүн башталган жок да, майдан бери болуп жатат. Кайсы мээси менен ойлонушту булар?