Бишкекте Патрулдук милиция кызматкери айдоочу менен мушташып кете жаздады (видео)
Бишкекте Патрулдук милициянын кызматкери айдоочу менен жакалашып, аз жерден мушташып кете жаздады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй Патрулдук милиция кызматкери айдоочунун документтерин сураганда айдоочу документин көрсөтүүдөн баш тартып, экөө жакалаша кетишкен.
Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда маалыматты тактады.
"Бул видео 18-июнда тартылган. Анда болжол менен таңкы саат 05:20 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишине атайын чакыруу менен барышкан. Чакырууну тейлеп чыккандан кийин жолдун жээгиндеги туура эмес токтогон автоунааларга карата тийиштүү протоколдорду толтуруп жаткан учурда айдоочунун жанында турган башка улуттагы жарандар келип, кызматкерлердин жумушуна тоскоолдук жаратып, атайын чагымчыл сөздөрдү сүйлөгөн. Ошондон кийин видеодогу конфликт орун алган. Кийин кызматкерлер жаранга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгөндөн кийин кайра кайгуул кызматкерлеринен кечирим сураган", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматы.
Ошол учурда жол эрежелерин бузган 3 унаага карата протоколдор толтурулган.
Патрулдук милиция менен айдоочу жакалаша кетти







1 |